Тематикалык багыттар

Симпозиум төмөндөгүдөй тематикалык багыттарда өтөт: (аларга жакын башка тематикалык багыттар да камтылат):

- ЖМК жана дезинформация

- Коом, саясат жана дезинформация

- Санарип технологиялар жана дезинформация

- Кризистик коммуникация жана дезинформация

- Медиа этикасы жана дезинформация

- Медиа сабаттуулук жана дезинформация

- Дезинформация, мамлекеттик жана укуктук жөнгө салуу

- Жасалма интеллект жана дезинформация

- Социалдык медиа жана дезинформация

- Санарип дипломатия жана дезинформация

- Маалымат аналитикасы жана дезинформация

- Санарип доорундагы коопсуздук жана купуялык

- Кинодогу санарип технологиялар

- Санарип технологиялар жана кино

- Санарип жарнама

- Санарип коомчулук менен байланыш

- Санарип журналистика жана жаңылыктарды өндүрүү

- Мобилдик журналистика жана колдонмолор

- Дата журналистика

 

Максаты жана мазмуну:

Симпозиумдун максаты – катышуучуларга азыркы санарип доордун маанилүү көйгөйлөрүнүн бири болгон дезинформация боюнча изилдөөлөрүн талкууга алууга аянтча түзүү; бул тармактагы эксперттердин, окумуштуулардын жана изилдөөчүлөрдүн катышуусунда дезинформациянын себептерин, натыйжаларын жана алдын алуу стратегияларын талкуулоо; адистердин, изилдөөчүлөрдүн жана окумуштуулардын дезинформация боюнча изилдөөлөрүн жалпы илимий коомчулукка жайылтуу.

 

Симпозиумдун тилдери:

Симпозиумда презентациялар түрк, кыргыз, англис жана орус тилдеринде тартууланат.

 

Маанилүү даталар:

Аннотацияларды тапшыруунун акыркы күнү: 25-апрель, 2024-жыл.

Акыркы каттоо күнү: 3-май, 2024-жыл.

Программанын жарыяланышы: 10-Май, 2024-жыл.

Толук текстти тапшыруунун акыркы күнү: 31-май, 2024-жыл.

Симпозиум баяндамалар жыйнагынын жарыяланышы: 14-июнь, 2024-жыл.