Баяндамаларды жөнөтүү эрежелери

Баяндамалардын аннотациялары симпозиумдун сайтынан онлайн-форма аркылуу жөнөтүлүшү керек.

Бир автор эң көп эки баяндама жөнөтө алат. Кабыл алынган баяндамалар үчүн жок дегенде авторлордун бири симпозиумга сөзсүз катталышы керек.

Келип түшкөн аннотациялар эки жолку жашыруун рецензиялоо ыкмасы менен бааланат.

Аннотациялардын тексти 250 сөздөн көп эмес, ал эми баяндамалардын толук тексти 7500 сөздөн ашпашы керек. Тексттерди даярдоодо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  “Коомдук изилдөөлөр” илимий журналынын  макалаларды жарыялоо эрежелерин эске алуу зарыл (https://dergipark.org.tr/en/pub/mjss/writing-rules).

Баяндаманын аннотациясын жөнөткөндөн кийин, сизге ырастоочу электрондук билдирүү жиберилет. Эгерде суроолор жаралса же сизге электрондук билдирүү келбесе, биз менен байланышыңыз: comsymposium@manas.edu.kg